Батыш өлкөлөрүндөгү коронавирус көрсөткүчтөрү

Коронавирус дагы деле жайылууда.

1469159
Батыш өлкөлөрүндөгү коронавирус көрсөткүчтөрү
super foto ispanya korona.jpg
super foto paris korona.jpg
super covid-19 kolombiya
super foto ingiltere korona.jpg

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгондордун саны 724 миң 149 адамды түздү. Ал эми жуктуруп алгандардын саны 19 миллион 488 миңден, айыгып кеткендердин саны болсо 12 миллион 549 миңден ашты.

Илдеттен 164 миң 94 адам каза болуп, 5 миллион 95 жуктурган учур катталган АКШда Нью-Йорк штатынын губернатору Эндрю Куомо штатта коронавирусту (Ковид-19) жуктургандардын саны азайып баратканын белгилеп, күзүндө студенттер менен мугалимдердин кайрадан мектепке баруулары үчүн уруксат бере тургандарын айтты. Вирустун айынан штатта каза болгон адамдардын саны 33 миңди түздү.

Бразилияда дагы 1 миң 79 кишинин өлүмү менен бирге өлкөдө вирустан каза болгондордун саны 99 миң 572ге, ооруга чалдыккандардын саны 50 миң 230га көбөйүп 2 миллион 962 миң 442ге жетти.

Мексикада акыркы 24 саатта Ковид-19дан 794 адам каза жалпы 51 миң 311ге, ал эми жуктурган учурлардын саны 6 миң 717ге көбөйүп 469 миң 407ге жогорулады.

Францияда акыркы 24 сааттын ичинде пандемиянын кесепетинен 12 адам каза болуп жалпы 30 миң 324кө, ооруга чалдыккандардын саны 2 миң 288ге көбөйүп 224 миң 638ге жетти. Узак убакыттан кийин биринчи жолу өлкөдө жуктуруп алгандардын саны 2 миңден ашып пандемия тездик менен жайылып жатат. Франциянын Илимий комитети, экинчи толкун күз же кыш мезгилинде пайда болот деп чочулап жаткандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар