Түштүк Кореядагы селден көп сандаган адам каза болду
Сел жана жер көчкүлөрдөн 17 адам каза болуп, 10 адам дайынсыз жоголду.
1468909
Түштүк Кореяда 1-августтан бери уланып жаткан нөшөрлүү жамгырлар алып келген сел жана жер көчкүлөрдөн 17 адам каза болуп, 10 адам дайынсыз жоголду.
Yonhapтын жаңылыктарына караганда, Ички иштер жана Коопсуздук министрлигинин билдирүүсүндө, бир жумага созулган нөшөрлөп жааган жамгырлардын кесепетинен борбор шаар Сеул менен бирге өлкө боюнча кеминде 6 миң 162 имараттын олуттуу зыян тарткандыгы айтылды.
2 миң 500дөй кишинин үйлөрүнөн ажырашына алып келген жаан-чачындан улам болгон селден жана жер көчкүлөрдөн 17 адам каза болуп, 10 адам дайынсыз жоголду.
Өлкө боюнча жамгырдын жаашы дем алыш күндөрү да улананышы күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.