Ливандагы жарылуу жана андан кийинки абалдар

Ливанда катуу жарылуу болгон Бейрут портунда кызмат кылган 16 киши жүргүзүлгөн териштирүүнүн негизинде камоого алынды.

1468691
Ливандагы жарылуу жана андан кийинки абалдар

Ливанда катуу жарылуу болгон Бейрут портунда кызмат кылган 16 киши жүргүзүлгөн териштирүүнүн негизинде камоого алынды.

Өлкөнүн расмий маалымат агенттиги ННАда жарыяланган аскердик соттун билдирүүсүндө катуу жарылуу болгон шейшемби күндөн бери жүргүзүлгөн териштирүүнүн негизинде Бейрут портунда кызмат кылган 16 кишинин камоого алынганы белгиленди.

Жүргүзүлгөн териштирүүнүн жарылууга жол ачкан бардык факторду камтыганы белгиленген маалыматта : «Териштирүүнүн негизинде ушул кезге чейин Бейрут портунун башкаруу кеңеши жана бажы башкаруу жетекчилери менен жарылуу болгон жердеги №12  - кампанын жумушчуларынан  18 киши тергөөгө алынды»,- деп билдирилди.  

4 -  августта Бейрут портунда жарылуучу заттар болгон №12  - кампада оболу өрт чыккан андан кийин Бейруттун баарын термелткен абдан күчтүү жарылуу болгон.

Саламаттык сактоо министри Хамад Хасан жарылууда каза болгондордун саны 135ке чыкканын, өзгөчө 5 000ге жакын жаралуу жана ондогон кишинин дайынсыз жоголгонун жарыялаган.

Ливан өкмөтү кечээ жарылуу тууралуу 5 күнгө созула турган териштирүүнүн жүргүзүлөрүн жарыялаган.

Бир тараптан Ливан Борбордук банкынын төрагасы Рияд Селаме жарыялаган билдирүү менен өлкөдөгү банктар менен финансы мекемелерине жарылуудан таасирленгендерге жеке чектөөлөргө карабастан кредит берүү жолдомосун берди.

Селаме өзгөчө жарыялаган экинчи билдирүү менен банктар жана финансылык мекемелерден өлкө тышынан   долларга ликвиддүүлүктү камсыздоону суранды.  



Тектеш кабарлар