Бейрутта каза болгондордун саны 154кө жетти

Бир тараптан Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Чарльз Мишель эртең Бейрутка барат.

1468931
Бейрутта  каза болгондордун саны 154кө жетти

Ливан саламаттык сактоо министри Хамад Хасан Бейрут портунда болгон жарылууда каза болгондордун саны 154кө жогорулаганын билдирди.

3 күн мурда Ливандын борбор шаары Бейрутта болгон жана чоң чыгымга жол ачкан жарылууда каза болгондордун саны өсүп баратат.

Ливан маалымат агенттиги ННАнын кабарына караганда саламаттык сактоо министри Хамад Хасан берген маалыматында Бейрут портундагы жарылууда каза болгондордун саны 154кө жогорулаганын айтты.

Министр Хасан 5 000 жаралуу кишинин 20 пайызынын ооруканага жаткырылышы керектигин жана жаралуулардан 120 кишинин абалынын орчундуу экенин да кошумчалады.

Бир тараптан Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Чарльз Мишель эртең Бейрутка барат.

Мишель соцтармактан : «Европанын Ливан калкы менен тилектештигин көрсөтүү максатында эртең бейрутка барам»,- деп билдирди.

Жарылуудан улам санааркашкандарын билдирген Мишель : «Мындан таасирленгендердин жанында болобуз жана жардам беребиз»,- деди.

Мишель Ливандын президенти Мишель Авн жана премьер  - министр Хассан Дияб менен да жолугушарын айтты.

Европа Биримдиги кеңешинин төрагасы Чарльз Мишель  менен Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Лайен биримдикке мүчө өлкөлөрдөн көп сандаган кишинин өлүмүнө себеп болгон жана Бейруттун чоң бөлүгүнө зыянын тийизген жарылуудан кийин Ливанга жардамды күчөтүүнү суранган.

Бейрут портунда 4 -  августта жарылуучу заттар болгон 12 – номердеги кампада алгач өрт чыккан, андан кийин шаарды термелткен күчтүү жарылуу болгон.

Европа Биримдиги андан мурда Ливанга жардам берүү үчүн 33 миллион евро менен бирге куткаруу топторун жиберүүгө чечим чыгарган.

Ошол эле учурда президент Мишель Авн Бейрут жарылуусунда кырсык же тышкы кийлигишүү ыктымалдарынын изилденгенин билдирди.

Мишель Авн Бейрут портундагы кампадагы жарылуу тууралуу териштирүүнүн башталганын маалымдады. Авн жарылуу тууралуу билдирүүсүндө : «Себеби азырынча белгилене албады. Бир ракета, бомба же башка бир кыймыл менен тышкы кийлигишүү ыктымалы бар. Кырсык же ыктымалдуу тышкы кийлигишүү изилденүүдө»,- деди.



Тектеш кабарлар