Коронавирустун Батыш өлкөлөрүнө тийгизген таасири

Ковид-19 көрсөткүчтөрү

1468099
Коронавирустун Батыш өлкөлөрүнө тийгизген таасири
SPR Florida corona.jpg
Corona_Pakistan.jpg

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгондордун саны 711 миң 564төн ашты. Ал эми жуктуруп алгандардын саны 18 миллион 996 миң 129, айыгып кеткендердин саны 12 миллион 184 миң 828 болду.

Пандемиянын чордону АКШда вирустун айынан каза болгондордун саны 161 миң 607 адамды түздү. Өлкөдөгү жуктурган учурлардын саны 4 миллион 973 миң 741 деп катталды.

Ковид-19дун айынан Бразилияда акыркы 24 саатта дагы 1 миң 437 кишинин каза болушу менен бирге жалпы 97 миң 418ге жетти. Өлкөдө вирусту жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 862 миң 761ге көбөйдү.

Бир суткада 829 адам көз жумган Мексикада пандемиядан каза болгондордун саны 49 миң 698ге, ал эми ооруга чалдыккандардын саны 456 миң 100гө жетти.

Пандемиянын Европадагы чордону Британияда Ковид-19дан жалпы 46 миң 364 адам көз жумду. Өлкөдө 307 миң 184 кишиде вирус аныкталды.

Францияда акыркы 24 саатта пандемиядан улам дагы 9 адам каза болуп жалпы 30 миң 205ке жетти. Өлкөдө коронавирусту жуктурган адамдардын саны 1 миң 695ке көбөйүп 220 миң 746га жогорулады.

Ковид-19дан каза болгондордун саны Италияда 35 миң 181, Испанияда 28 миң 499 жана Германияда 9 миң 245 болду.



Тектеш кабарлар