АКШда «Исайяс» бороонунун кесепетинен каза тапкандардын саны көбөйдү
Катуу шамалдан дагы 7 киши жабыркады.
1468192
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) чыгыш жээктеринде таасирдүү болгон «Исайяс» бороонунун кесепетинен каза тапкандардын саны 9 адамга жетти.
Жетекчилер Мэриленд, Коннектикут, Түндүк Каролина жана Пенсильвания штаттарын уруп өткөн тропикалык бороон-чапкындын айынан бак-дарактар кулап, көптөгөн үйлөрдүн жана ишканалардын зыянга учурагандыгын билдиришти.
Катуу шамалдын себебинен дагы 7 кишинин каза болушу менен бирге каза тапкандардын саны 9га жеткенин белгилеген жетекчилер, жаракат алгандарды дарылоо иштери улантылып жаткандыгын кабарлашты.
Бороон-чакын уруп өткөн аймактарда чыгымды аныктоо иштери улантылууда.