Бейруттагы жарылууда 63 киши каза тапты

Ливандын расмий NNA агенттигинин кабарына ылайык, Бейрут портундагы жарылуучу заттар сакталган 12 номердүү кампада өрт чыкты.

1467097
Бейруттагы жарылууда 63 киши каза тапты

Ливандын борбору Бейрутта болгон жарылуудан каза болгондордун саны 63кө жетти.

Ливандын расмий NNA агенттигинин кабарына ылайык, Бейрут портундагы жарылуучу заттар сакталган 12 номердүү кампада өрт чыкты.

Өрттөн улам катуу жарылуу болду. Жарылуунун дабышы борбор калаанын чет жакасынан да угулду.

Бул окуяда 63 адам каза болуп, 3 миңден ашуун адам жаракат алышкан. Жабыркагандардын арасында 2 түрк жараны да бар.

Жарылуудан мурунку премьер-министри Саад аль-Хариринин үйү, өкмөттүн имараты, айланадагы имараттар, көчөлөр бузулуп, дагы деле болсо 3 кабаттуу имараттын урандылары астында калган адамдар болгону айтылат.

Полиция башчысынын айтымында, окуя мурда колго түшкөн жарылуучу заттар сакталган кампада болгон.

Премьер-министр Хасан Дияб: «Бүгүн болгон кырсыкка күнөөлүү адамдар жоопко тартылат»,- деди.

Өлкөдө жалпы аза күтүү жарыяланып, учурда Коргоо кеңеши борбор шаары Бейрутту  кырсык болгон аймак деп жарыялады.

Белгилей кетчү нерсе, жарылуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Эл аралык Ливан соту Ливандын мурдагы премьер-министри Рефик Харириге кол салуу (2005) боюнча доого сот чечими жарыяланганга бир нече күн калганда (7-август) болгону көңүл бурду.

Экинчи жагынан, ысымдарынын ачыкка чыгарылышын каалабаган израилдик аткаминерлер Тель-Авивдин Бейруттагы жарылуу менен эч кандай байланышы жок деп сунуш кылышты.

Бул аткаминерлер жергиликтүү басма сөзгө билдирүү жасап, Израилдин окуяга байланышы жоктугун, жарылуу кокустук болушу мүмкүн деп билдирди.

Ливан Хизбуллахы борбор шаар Бейрутта болгон жарылуунун булагынын, Израиль тарабынан өздөрүнө таандык курал-жарак кампаларына кол салган деген айыпты четке кагууда.



Тектеш кабарлар