Александр Лукашенко : "Орус жалданма аскерлери Белорусияга атайын жиберилди"

Беларусиянын президенти Александр Лукашенко колго түшкөн орус жалданма аскерлеринин максаты - Беларусия экендигин айтты.

1467031
Александр Лукашенко : "Орус жалданма аскерлери Белорусияга атайын жиберилди"

Беларусиянын президенти Александр Лукашенко колго түшкөн орус жалданма аскерлеринин максаты - Беларусия экендигин айтты.

Александр Лукашенко Республика сарайында  Белорусия парламентинин депутаттары жана элге карата жылдык кайрылуу сөзүн сүйлөп өлкөсүндө орус коопсуздук фирмасы Вагнерге караштуу 33 жалданма аскердин кармалуу маселесине токтолду.

Лукашенко кармалган жалданма аскерлерге жакшы мамиле кылынганын жана натыйжада  тергөө учурунда жакшы жыйынтыктарды алышкандарын белгилеп, аскерлердин баарын айтып беришкендерин билдирди.

Белорусияда түрдүү улуттардын элдеринин тынчтык ичинде жашаганын айткан Лукашенко : «Белорусияга курал алып келбегиле, тартипти бузбагыла»,- деп эскертти.

Өзгөчө өлкөнүн түштүгүнө жаңы жалданма аскер тобунун  жиберилгени тууралуу маалымат алышкандарын айткан Лукашенко бул кишилердин сөзсүз кармаларын белгиледи.



Тектеш кабарлар