Танзанит ташын эки жолу таап алып байыган адам

6 килограммдык ташты мамлекетке 2 миллион долларга сатты.

1466937
Танзанит ташын эки жолу таап алып байыган адам

Дүйнөдөгү эң чоң 2 танзанит ташын тапкан танзиялык кенчи Саниниу Курьян Лайзер ушундай эле таштан дагы бирөөнү тапты.

Би-Би-Си түркчөнүн кабарларына караганда, июнь айында казып чыгарган 9 жана 5 килограммдык эки танзанит ташын болжол менен 3,4 миллион долларга сатып байыган Лайзер, жакында тапкан 6 килограммдык ташты да мамлекетке 2 миллион долларга сатты.

Бул акча менен Маньяра аймагындагы Симанжиродо мектеп жана медициналык борбор курдура турганын жарыялады.

Танзанияда гана кездешкен жана сейрек табылган танзанит ташы зер буюмдарын жасоодо колдонулат.



Тектеш кабарлар