Ливандагы жарылууда каза болгондордун саны көбөйүүдө

Бейрут портунун жанындагы жарылууда 2200 киши  жараланып, мурдагы премьер-министр Саад аль-Хариринин үйүндө жана чөйрөдөгү имараттарда чоң зыянга учуроо болду.

1467070
Ливандагы жарылууда каза болгондордун саны көбөйүүдө

Ливандын борбор шаары Бейруттагы жарылууда каза болгондордун саны 25ке жетти.

Бейрут портунун жанындагы жарылууда 2200 киши  жараланып, мурдагы премьер-министр Саад аль-Хариринин үйүндө жана чөйрөдөгү имараттарда чоң зыянга учуроо болду.

Жарылуунун таасири менен кулаган 3 кабаттуу имараттын урандысынын астында дагы деле адамдар бар экени маалымдалууда.

Жарылуудан өкмөт имараты да зыянга учурап, Ливандын расмий маалымат агенттиги Бейрут портунда ичинде жарылуучу заттар сакталган кампада өрт чыкканын билдирди.

Коопсуздук башкы директорлугу окуянын мындан мурда колго түшкөн жарылуучу заттар коюлган кампада болгонун айтты.

Бул учурда жарылуудан Казакстандын Бейруттагы Элчилиги да зыянга учурап элчи Эржан Калекеновдун жаракат алганын, Элчилик имаратында кыйроо болгонунун маалыматын бөлүштү.

Бир тараптан ысымдары айтылышын каалабаган израилдик жооптуу кызматкерлер, Тель-Авивдин Бейруттагы жарылуу менен тиешеси болбогонун айтып чыкты.

Сөз болгон жооптуу кызматкерлер жергиликтүү басма сөзгө берген маалыматтарда, Израилдин окуя менен байланыштуулугун четке кагып, жарылуунун кырсык болушу мүмкүн экенин айтты.



Тектеш кабарлар