Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Коронавирус Чыгыш өлкөлөрүндө адамдардын өмүрүн алууну улантууда.

1466756
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Жалпы дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 698 643 болду. Вирус жуккан киши саны 18 миллион 479 000ден, айыккандардын саны 11 миллион 705 000ден ашты. 

Ушул кезге чейин Индияда Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 39 миң 57ге жетип, жалпы бейтап саны 1 миллион 864 561 болду.

Ушул кезге чейин 17 405 киши каза болгон Иранда 314 786  киши вирус жугузган.

Акыркы 24 саатта каза болгондордун саны 144 кишиге көбөйүп 14 миң 351ге жеткен Россияда 861 824 кишиге вирустун жуккандыгы катталды.

Израилдин саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтарына караганда Ковид  - 19дан 546 киши каза болуп, вирус жугузган киши саны 74 903кө жетти. Премьер  - министр Беньямин Нетаньяху өлкөсүнүн  вирус жуккан киши саны калктын санына караганда «эң жогору» экендигин белгилеп, каза болгон киши санынын артышы мүмкүн экени боюнча эскертти.

Пакистанда вирустан улам 5 999 киши, Бангладеште 3 184 киши, Сауд Арабияда 2 949 киши каза болду.

Ковид – 19 эпидемиясында акыркы 24 саатта Кытайда 36, Түштүк Кореяда 34 жаңы учур катталды.

Эпидемиянын башталышынан бери 896 киши каза болгон Батыш Африка өлкөсү Нигерияда Ковид  - 19 аныкталган киши саны 44 129га жетти.



Тектеш кабарлар