Белорусияда президенттик шайлоо

Белорусияда 9 -  августта боло турган шайлоого карата эрте добуш берүү башталды.

1466918
Белорусияда президенттик шайлоо

 

Белорусияда 9 -  августта боло турган шайлоого карата эрте добуш берүү башталды.

Шайлоо күнү шайлоого бара албай турган шайлоочулар 5 767 үкөктө, 231 аймакта 8 -  августка чейин күн сайын саат 10 : 00 – 14 :00 саттар жана 16 : 00 – 19:00 сааттар арасында добуш бере алышат. Алардын ичинен 44 үкөктө өлкө тышындагы жарандар добуш беришет.

Шайлоодо Белорусиянын учурдагы президенти Александр Лукашенко кайрадан талапкер болду.

Лукашенко менен бирге Говори Правда Кыймылынын тең төрагасы Андрей Дмитреев, Белорусия парламентинин алстыңкы канатынын мурунку депутаты Анна Каноппатская, Белорусия социал - демократ Грамада партиясынын төрагасы Сергей Черечен жана Светлана Тихановская ат салышат.

Белорусияда 1994 -  жылдан бери 5 жолу шайланып президенттик кызматты аткарып келе жаткан Александр Лукашенконун кызмат мөөнөтү бул жылдын акырында толот. Лукашенко акыркы болуп 2015 -  жылы болгон президенттик шайлоодо добуштардын 83, 49 пайызын алып президент болуп шайланган.



Тектеш кабарлар