Ливияда качкындар кармалды

55 качкын кармалды алардын ичинде 4 аял менен 6 бала да бар.

1466223
Ливияда качкындар кармалды

Ливияда түрдүү  улуттардан турган 55 качкын кармалды.

Ливиянын ички иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта  жээк коопсуздук башкаруусуна караштуу  бөлүктөр Жер Ортолук деңиздин жээгинде Злитендеги бир кампада тинтүү жүргүздү.

Тинтүүдө  55 качкын кармалды. Алардын ичинде 4 аял менен 6 баланын бар экендиги билдирилди. Адамдарды уурдап качкандыгы белгиленген бир Ливия жараны камоого алынды.

Маалыматта качкындардын борбор шаар Триполиден 150 километр чыгыштагы Злитен шаарынан Жер Ортолук деңизине чыгып, Европага баруу үчүн даярданып жаткандыгы белгиленди.

Кармалган качкындардын шаардагы Миграция башкаруусуна таандык баш  - калкалоо борборуна жиберилгендиги маалымадалды.

 



Тектеш кабарлар