Япониянын премьер - министри Абе өкмөт тараткан бет капты тагууну таштады

Таркатуу долбоору башталган апрель айынан бери өз аты менен аталган «Абеномаскты» колдонгонун бирок жуманын акырынан бери  колдонбогону эскертилиши менен Абе базардагы бет кап түрдүүлүгүнө токтолду

1466234
Япониянын премьер  - министри Абе өкмөт тараткан бет капты тагууну таштады

Япониянын премьер  - министри Шинзо Абе жаңы тип коронавирус эпидемиясында ар бир үйгө таркатылган жана коомчуулкта «Абеномаск» деп аталган кебез  бет каптарды тагууну таштаганын айтты.

Япониянын премьер  - министри Абе Ковид  - 19га карата көрүлгөн чаралардын негизинде бет каптардын жетишсиздигине каршы борбордук өкмөттүн ар бир үйгө таркаткан «жууп, кайрадан колдонууга боло турган эки даана бет кап» долбоору тууралуу билдирди.

Таркатуу долбоору башталган апрель айынан бери өз аты менен аталган «Абеномаскты» колдонгонун бирок жуманын акырынан бери  колдонбогону эскертилиши менен Абе базардагы бет кап түрдүүлүгүнө токтолду.

Абе : «Бул да кебез бет кап. Акыркы 6 айдан бери бир топ чара көрдүк. Азыркы учурда магазиндерде түрдүү бет каптар бар. Элдин баарын тышкы чыкканда бет каптарын тагуусун жана эпидемияны алдына алууда кызматташуу түзүүгө чакырамын»,- деди.

Киодо маалымат агенттигинин кабарына караганда долбоордун негизинде 4 айда 130 миллион бет кап жалпы өлкөдө үйлөргө таркатылган, кары  - картаңдар үйүнө болсо 80 миллион бет каптын таркатылышы пландалууда.

Оппозициячыл партиялар жана коомчулук  долбоорду «эпидемияга каршы таасирсиз» деп мүнөздөп, өкмөт канатынын мындан кийин талап боло турган болсо бет каптарды жиберери белгиленди.



Тектеш кабарлар