Ооганстанды сел каптап 16 адамдын өмүрүн алды
Нангархар губернаторлугунун басма сөз катчысы Атаулла Хогяни, бул тууралуу маалымат берди.
1465776
Ооганстандын чыгышындагы Нангархар провинциясындагы сел апаатында 16 адам каза болду.
Нангархар губернаторлугунун басма сөз катчысы Атаулла Хогяни, Нангархардын Кузкунар районунда нөшөрлөп жааган жамгырдын суу ташкынына алып келгенин айтты.
Сел апаатында 16 адам каза болуп, алардын 15и балдар болгонун билдирген Хогяни, 4 кишинин да жаракат алганын айтты.
Хогяни селдин кесепетинен көптөгөн үйлөр да талкаланганын белгиледи.