Чыгыш өлкөлөрүнүн элин санаага салган коронавирус...

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19 / Covid-19) улам каза болгон адамдардын саны 689 миң 476дан ашты.

1465909
Чыгыш өлкөлөрүнүн элин санаага салган коронавирус...
super covid19
super covid19 hijyen2.jpg

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19 / Covid-19) улам каза болгон адамдардын саны 689 миң 476дан ашты. Жуктуруп алгандардын саны 18 миллион 51 миңден жана айыгып кеткендердин саны 11 миллион 348  миң 350дөн ашты.

Эң көп жуктурган учур көрүнгөн 3-өлкө Индияда Ковид-19дан каза болгондордун саны 37 миң 452ге жетти. Жуктуруп алгандардын адамдардын саны 1 миллион 754 миң 393 болду. Экинчи жагынан, ички иштер министри Амит Шах Ковид-19 тести позитив болуп чыкканын билдирди. Бул темада билдирүү жасаган Шах анын дарылануусу ооруканада жүргүзүлөрүн айтты.

Россияда каза болгондордун саны 14 миң 128ге, ал эми жуктуруп алгандардын саны 845 миң 443кө жогорулады.

Иракта акыркы 24 саатта Ковид-19дун кесепетинен 64 адам каза таап, 2 миң 94 жаңы жуктурган учур аныкталды. Өлкөдөгү адам өмүрүнөн ажыроо 4 миң 805ке, жуктуруп алгандардын жалпы саны 126 миң 704кө көтөрүлдү.

16 миң 982 адам каза тапкан Иранда, 1999-жылы "Арус-и Атеш" (Оттун келини) киносу менен таанылган режиссер Хусрев Синай, борбор шаар Тегерандын Эмир Алем ооруканасында көз жумду.

Израилде вируска байланыштуу жоготуулар 512ге, ал эми жуктуруп алгандардын жалпы саны 70 миң 970ке чейин көбөйдү. Өлкөдөгү Кудс иштери боюнча министри Рафи Перетц Ковид-19га кабылгандыгын жарыялады.

Африка континентинде каза болгондордун саны 20 миң 12ге жетип, инфекцияга чалдыккан адамдардын саны 947 миң 104кө көбөйдү. Ковид-19 учурундагы эң көп жоготуулар Түштүк Африкада байкалып, 8 миң 53 ​​адам каза болгон. Андан кийин 4 миң 834 өлүм менен Египет, 1223 миң адам менен Алжир, 883 адам менен Нигерия жана 752 адам менен Судан турат.

Вирустун айынан акыркы 24 саатта 4 адам көз жумган Өзбекстанда эпидемиядан каза болгондордун жалпы саны бүгүнкү күнгө чейин 148 адамга жетти. Ковид-19 учурунун саны 471 адамга көбөйүп 25 миң 40ка жогорулады.

Ковид-19дан каза болгон адамдардын саны Украинада 1725, Кыргызстанда 1409, Казакстанда 793, Арменияда 754 жана Грузияда 17 болгон.



Тектеш кабарлар