Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгон адамдардын саны 688 миң 974 адамды түздү.

1465742
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгон адамдардын саны 688 миң 974 адамды түздү. Жуктуруп алгандардын саны 18 миллион 26 миңден ашты жана айыгып кеткендердин саны 11 миллион 334 миңден ашты.

Индияда Ковид-19дан каза болгондордун саны 37 миң 415ке жетти. Жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 754 миң болду.

Россияда каза болгондордун саны 14 миң 58ге, ал эми жуктуруп алгандардын саны 845 миң 443кө жогорулады.

Иракта акыркы 24 саатта Ковид-19дун кесепетинен 64 адам каза таап, 2 миң 94 жаңы жуктурган учур аныкталды. Өлкөдөгү адам өмүрүнөн ажыроо 4 миң 805ке, жуктуруп алгандардын жалпы саны 126 миң 704кө көтөрүлдү.

16 миң 982 адам каза тапкан Иранда, 1999-жылы "Арус-и Атеш" (Оттун келини) киносу менен таанылган режиссер Хусрев Синай, борбор шаар Тегерандын Эмир Алем ооруканасында көз жумду.



Тектеш кабарлар