Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Вирус дүйнөнүн шаштысын кетирди.

1465320
Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгондордун саны 687 миңден, жуктургандардын саны 17 миллион 771 миңден, айыгып кеткендердин саны болсо 11 миллион 168 миңден ашты.

Бразилияда 1 миң 212 кишинин өлүмү менен бирге вирустан каза болгондордун саны 92 миң 568ге, ал эми ооруга чалдыккандардын саны 52 миң 383кө көбөйүп 2 миллион 666 миңге жетти.

Мексикада дагы 688 адам көз жумуп жалпы 46 миң 688, жуктургандардын саны болсо 8 миң 458ге көбөйүп 424 миң 637 болду.

АКШда каза болгондордун саны 156 миң 752ге жетип, илдетке чалдыккандардын саны 4 миллион 706 миң адамды түздү.

Пандемиянын Европадагы чордону Англияда 46 миң 119 адам каза болуп, 303 миң 181 адам вирусту жуктурду. Премьер-министр Борис Жонсон Ковид-19ду жуктургандардын саны көбөйгөндүктөн 1-августта (бүгүн) жарыялоону ниеттенген чара көрүүлөрдү жеңилдетүү пландарынын 2 жумага жылдырылгандыгын билдирди.

Италияда акыркы 24 сааттын ичинде 9 адам көз жумуп, каза тапкандардын жалпы саны 35 миң 141ге жетти. Жуктургандардын саны 12 миң 422 болгон өлкөдө акыркы суткада 379 жаңы учур катталды.

Испанияда Ковид-19дан каза болгондордун саны акыркы 7 күндө 12ге көбөйүп жалпы 28 миң 445ке жогорулады. Акыркы 24 сааттын маалыматына караганда, өлкөдө инфекция жуккан адамдардын саны 1 миң 525 жаңы учур менен бирге 288 миң 522ге жетти.

Португалияда бир суткада Ковид-19дан 8 адам көз жумуп жалпы 1 миң 735 болду. 204 жаңы учур аныкталган өлкөдө, вирус жуккан адамдардын саны 51 миң 72ни түздү.



Тектеш кабарлар