Коронавирус дүйнөнүн шайын оодарды

Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү.

1465272
Коронавирус дүйнөнүн шайын оодарды
super covid19
super covid19 7.jpg
super covid19 hijyen.jpg
super covid19 8.jpg

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустан улам каза болгондордун саны 678 миң 350дөн, вирусту жуктаргандардын саны 17 миллион 562 миңден, айыккандардын саны 10 миллион 998 миңден ашты.

Индияда Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 35 миң 887ге, вирус жуккан киши саны да 1 миллион 649 миң 323кө жогорулады.

Россияда болсо бир күндө  каза тапкандардын саны 161 кишиге көбөйүп 13 миң 963кө, дагы 5 миң 482 кишиде коронавирустун аныкталышы менен вирус жуккан бейтап саны 839 миң 981ге жетти.

Иранда коронавирустан 16 766  киши каза болуп, вирус жуккан киши саны 304 миң 204кө жогорулады. Өлкөдө ушул кезге чейин араларында дарыгерлер да болгон 140 медициналык кызматкер каза болуп, 6 000ден ашуун медициналык кызматкер вирусту жуктуруп алды. 

Ковид  - 19дун кесепетинен Түштүк Африкада 7 812, Пакистанда 5 951, Сауд Арабияда 2 842, Иракта 4 671 жана Индонезияда 5 131 киши каза болду. 

Каза тапкандардын саны 2 миң 23 деп катталган Филиппинде акыркы 24 сааттын ичинде 4 миң 63 жаңы учур аныкталды.

4 миң 634 адам көз жумган Кытайда акыркы 24 саатта Ковид-19га байланыштуу өлүм катталган жок, ал эми вирусту жуктургандардын саны 127 жаңы учур менен бирге жалпы 84 миң 292ге жетти.

Түштүк Кореяда вирустун айынан 301 адам каза болуп, жуктургандардын саны 36га көбөйүп, 14 миң 305ке жогорулады.



Тектеш кабарлар