АКШда 30 миллионго жакын киши жетерлик тамак  - ашка жетише албады

23 миллион 861 000 киши кээде жетерлик тамак  - ашка жетише албаса, 5 миллион 423 000 киши жетерлик тамак  - аш жей алган эмес.

1465031
АКШда 30 миллионго жакын киши жетерлик тамак  - ашка жетише албады

АКШда 16 – 21 -  июль күндөрү 30 миллионго жакын киши жетерлик тамак  - ашка жетише албады.

АКШнын калкты каттоо башкармалыгынын 16-июлдан 21-июлга чейинки күндөрдү камтыган  сурамжылоосуна ылайык, жетиштүү тамак-аш ала албаган адамдардын саны май айынан бери эң жогорку деңгээлге жетти.

23 миллион 861 000 киши кээде жетерлик тамак  - ашка жетише албаса, 5 миллион 423 000 киши жетерлик тамак  - аш жей алган эмес.

АКШнын Эмгек Департаменти билдирген маалыматка караганда, биринчи жолу жумушсуздук боюнча жөлөк пул талап кылган адамдардын саны 25-июлда аяктаган жумада андан мурунку жумага салыштырмалуу 12 000 кишиге көбөйүп, 1 миллион 434 миң кишиге жетти.

Ушундайча  АКШда биринчи жолу жумушсуздук боюнча жөлөк пул алуу үчүн кайрылган адамдардын саны Ковид-19 эпидемиясы эмгек базарына таасир тийгизгендиктен 14-марттан бери 54 миллиондон ашты.



Тектеш кабарлар