Россияда 10 миң жылдык мамонттун калдыгы табылды

Россиянын ар кайсы жерлеринде буга чейин да көп сандаган жаныбарлардын калдыктары табылган болчу.

1464282
Россияда 10 миң жылдык мамонттун калдыгы табылды

Сибирдин түндүгүндөгү көлдө түктүү мамонттун скелети табылды.

Россиянын түндүгүндөгү Ямало-Ненец аймагындагы Печевалавато көлүнүн тайыз жерлеринде 23-июлда койчулар тарабынан байкалган скелеттин толугу менен суудан чыгарылышы үчүн россиялык илимпоздор иштеп жатышат.

Кеминде 10 миң жыл мурун жашагандыгы божомолдонгон мамонттун баш сөөгү, астыңкы жаагы, бир нече кабыргалары жана бутунун тарамыштары табылып, булардын абдан жакшы сакталгандыгы билдирилди.

Арктика илимий изилдөөлөр борборунун директору Дмитрий Фролов, мамонттун берки сөөктөрүн издөөнү улантып жаткандарын айтты.

«Биз мамонттун кайсы жылдары жашагандыгын же канча жашта өлгөндүгүн так билбесек да, мамонттун калдыктары кеминде 10 миң жашта»,-деди.

Россиянын ар кайсы жерлеринде буга чейин да көп сандаган тоңгон жаныбарлардын калдыктары табылган болчу.



Тектеш кабарлар