Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирус дагы деле жайылып жатат.

1464529
Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
super koronavirus.jpg
super covid19 fransa
super korona fransa.jpg

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) кесепетинен каза болгондордун саны 670 миң 310дон ашты. Жуктургандардын саны 17 миллион 195 миңге, ал эми айыгып кеткендердин саны 10 миллион 706 миңге жетти.

АКШда 153 миң 845 адам каза болуп, илдетке чалдыккандардын саны 4 миллион 568 миң 375 болду.

Бразилияда акыркы 24 саатта 1 миң 595 кишинин каза болушу менен бирге жалпы 90 миң 134кө, вирусту жуктуруп алгандардын саны 69 миң 74кө көбөйүп, 2 миллион 552 миң 265ге жогорулады. Ушундайча пандемия башталгандан бери бир күндө болгон өлүм жана жуктургандардын эң жогорку саны катталды. Өкмөт Ковид-19 чара көрүүлөрүнүн алкагында март айынын аягынан баштап чет өлкөлүктөргө кирүү үчүн жабылган чек араларды жарым-жартылай ачууну чечти. Чет өлкөлүктөргө аба аркылуу гана өлкөгө кирүүгө уруксат берилет жана кургактык, деңиз жана дарыя чек аралары август айынын аягына чейин жабык бойдон калат.

Мексикада да коронавирустан 485 адам каза болуп жалпы 45 миң 361, ал эми жуктургандардын саны 5 миң 752 адамга көбөйүп, 408 миң 449 болду.

Францияда пандемиядан акыркы 24 саатта дагы 15 адамдын каза болушу менен бирге жалпы 30 миң 238ге жетти. Өлкөдө коронавирусту жуктурган адамдардын саны 1 миң 392ге көбөйүп, 214 миң 733 болду. Саламаттык сактоо министри Оливье Веран, француздарга ачык жерлерде да беткап тагууну сунуштады.

Италияда Ковид-19дун кесепетинен каза тапкандардын саны акыркы 6 күндө 6га гана көбөйүп 35 миң 129га, ал эми жуктургандардын саны 289 жаңы учур менен бирге 246 миң 776га жетти.

Австралияда акыркы 24 саатта 13 адам каза болуп,  744 адамга коронавирус диагнозу коюлду. Бул көрсөткүчтөр пандемия башталган бери бир күндүн ичинде болгон эң көп өлүм жана жуктургандар катары катталды. Өлкөдө Ковид-19дан каза тапкандардын саны 189га, вирусту жуктургандардын саны 16 миң 295ке жетти.



Тектеш кабарлар