СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Коронавирус дүйнөнүн шайын оодарды.

1463755
СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
covid-19.jpg
super covid19 fransa
Süper Covid-19.jpg
Covid Süper.jpg

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун (Ковид-19) кесепетинен каза болгондордун саны 664 миң 602ден ашты. Жуктургандардын саны 16 миллион 956 миң 317, ал эми айыгып кеткендердин саны 10 миллион 506 миң 352 болду.

152 миң 388 адам каза тапкан АКШда вируска чалдыккандардын саны 4 миллион 500 миң 130га жогорулады.

Бразилияда дагы 921 кишинин өлүмү менен бирге жалпы 88 миң 634кө, бейтаптардын саны 40 миң 816га көбөйүп 2 миллион 484 миң 649 болду.

Мексикада акыркы 24 саатта Ковид-19дан 854 киши каза болуп жалпы 44 миң 876га жетти. Өлкөдө вирусту жуктургандардын саны 7 миң 208ге көбөйүп 402 миң 697ге жогорулады.

Пандемиянын Европадагы чордону Англияда илдеттен көз жумгандардын саны 45 миң 878ге жетип, 300 миң 692 кишиде вирус аныкталды.

Италияда бир күндө коронавирустун жаңы түрүнөн 11 адам көз жумуп жалпы 35 миң 123кө жетти. Бейтаптардын саны 12 миң 609га көбөйгөн өлкөдө акыркы суткада 181 адамда вирус аныкталды.

Испанияда Ковид-19дан каза тапкандардын саны акыркы 7 күндө 6га көбөйүп жалпы 28 миң 436 болду. Бир суткадагы көрсөткүчтөргө караганда, өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны  905 жаңы учур менен бирге 280 миң 610го жогорулады.

9 миң 833 адам өлгөн Бельгияда, жуктургандардын саны 66 миң 662ге көбөйдү.

Португалияда акыркы бир күндө Ковид-19дан 3 адам каза болуп жалпы 1 миң 722ге жетти. Өлкөдө ооруга чалдыккандардын саны 11 жаңы учур менен бирге 50 миң 410 адамды түздү.

Францияда 30 миң 223 адам пандемиядан көз жумду. Саламаттыкты сактоо министри Оливье Веран экинчи толкун жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес, бирок чара көрүүлөрдү мындан ары да улантуу керек деди.



Тектеш кабарлар