Россия Кара деңизде АКШ чалгындоо учагына тоскоол болду

Россиянын коргоо министрлиги П  - 8 Посейдон моделиндеги АКШ чалгындоо учагынын Кара деңиздин үстүндө Россиянын чек арасына жакындаганы аныкталганын билдирди.

1463267
Россия Кара деңизде АКШ чалгындоо учагына тоскоол болду

Россия Кара деңиздин үстүндө учкан  АКШнын чалгындоо учагына тоскоол болуу үчүн аймакка Су  - 27 аскердик учагын жибергенин жарыялады.

Россиянын коргоо министрлиги П  - 8 Посейдон моделиндеги АКШ чалгындоо учагынын Кара деңиздин үстүндө Россиянын чек арасына жакындаганы аныкталганын билдирди.

Маалыматта АКШ учагынын чек ара эрежелерин бузбагандыгы жана орус учагынын жолго чыгышы менен артка кайткандыгы белгиленди.

Чалгындоо учагынын чек арадан алыстоосу менен орус аскердик учагынын базага кайтып келгени билдирилди.

Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө бул окуянын биринчи жолу болуп жатпаганы жана 23  - 24-июль күндөрү да  ушул сыяктуу окуялардын болгону маалымдалды.



Тектеш кабарлар