Дүйнө жүзүндө Covid-19дан каза тапкан адамдарын саны 649,439дан ашты

Дүйнө жүзүндө вирусту жуктуруп алгандардын саны 16 миллион 260 миңден ашты.

1462142
Дүйнө жүзүндө Covid-19дан каза тапкан адамдарын саны 649,439дан ашты

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгондордун саны 649 миң 439  адамды түзүп, вирусту жуктуруп алгандардын саны 16 миллион 260 миңден ашты. Ал эми  айыгып кеткендердин саны 10 миллионго жакындап калды.

149 407 адам каза болуп, болжол менен 4 317 000 жуктурган учур менен эпидемиянын чордону АКШда, Флорида коронавирустун жаңы түрлөрү боюнча Нью-Йорктон ашып, Калифорниядан кийин өлкөдөгү экинчи кеңири жайылган штат болду. Флорида штатындагы саламаттык сактоо кызматкерлери штаттагы оорулардын саны 414 миңден ашты деп жарыялады. Нью-Йорктун губернатору Эндрю Куомо болсо штаттагы жуктуруп алгандардын санын 411 миң 200 деп жарыялады. Саламаттыкты сактоо департаменти билдиргендей, 40 миллион калкы бар Калифорнияда 435,000 жуктурган учур катталып, учурда өлкөдө жуктуруп алган учурлар эң көп катталган штат абалында.

Бразилияда вирустан каза тапкандардын саны 86 миң 496га жетип, оорулардын саны 2 млн 396 миң 434кө көбөйдү. Дүйнөгө белгилүү Копакабана жээгиндеги Жаңы жылдык майрамды белгилөө Ковид-19 иш-чараларынын натыйжасында быйыл жокко чыгарылды.

Мексикада 43 миң 374 адам каза болуп, жуктуруп алгандардын саны 385 миң 36га чейин көбөйгөн.

45 миң 738 адам каза болгон Улуу Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб, Sky News телеканалына Испаниянын чыгышындагы Каталония жана Арагон автономиялуу райондорунда күчөгөн коронавирус эпидемиясында, алар тез арада өз өлкөсүнө жаңы учурлардын көбөйүп кетишине жол бербөө жөнүндө чечим кабыл алышканын айтты. Рааб Испаниядан кайтып келгендер үчүн 14 күндүк карантиндик чечим кабыл алынып, өлкөдөгү экинчи толкун коркунучун азайтууну максат кылгандарын айтты.

Акыркы 24 саатта Италияда коронавирустун жаңы түрүнөн 5 адам көз жумду, жалпы 35 миң 102 адам каза болду. Бейтаптардын саны 12 422ге көбөйгөн өлкөдө акыркы бир суткада 275 жаңы жуктурган учур катталды. "Дүйнөдө жаңы жуктурган учурлардын санынын өсүүсү тынчсыздануу жаратууда. (Мурунку күн) 284 миң 196 жаңы жуккан учур 24 сааттын ичинде катталды. Биз начарлап жаткан эл аралык абалдан мамлекетибизди коргошубуз керек. Биз бир ааламда жашап жатабыз. Бул согуш тилектештик жана чечкиндүүлүк менен гана жеңишке жетишилет”, - деди саламаттык сактоо министри Роберто Сперанза.

Испанияда өткөн жума күнү таратылган маалыматтарга караганда, Ковид-19дун кесепетинен каза болгондордун саны 28 миң 432, оорулардын саны 272 миң 421 болгон. Саламаттык сактоо министрлигинен башкача маалыматтарын берген Каталониянын автономиялуу администрациясы акыркы 24 саатта Ковид-19 жуккан 493 жаңы учур аныкталганын жарыялады. Испаниянын Каталония жана Арагон автономиялуу облустарында топтолгон коронавирустун жайылышынын жаңы учурлары Европанын башка өлкөлөрүндө да кооптонууну жаратты. Франциядан кийин Бельгия дагы өз жарандарына Каталонияга барбоого кеңеш берди.

Ковид-19дун себебинен кээ бир өлкөлөрдө каза болгон адамдардын саны төмөнкүчө:

Франция 30 миң 192, Перу 18 миң 30, Бельгия 9 миң 821, Германия 9 миң 202, Чили 9 миң 20, Канада 8 миң 885, Колумбия 8 миң 269, Голландия 6 миң 139 жана Швеция 5 миң 697.



Тектеш кабарлар