Адам укуктары жана эркиндиктеринин гуманитардык жардам фонду Афринге мечит салууда
Сириянын Африн шаарында курула турган 1500 кишилик Африн Закирин Чоң мечитинин пайдубалы түптөлдү.
Адам укуктары жана эркиндиктеринин (IHH) гуманитардык жардам фонду Сириянын Африн шаарында курула турган 1500 кишилик Африн Закирин Улу мечитинин пайдубалын түптөдү.
Адам укуктары жана эркиндиктери (IHH) уюмунун билдирүүсүнө ылайык, Фонддун төрагасынын орун басары Эрхан Йемелек, мечитти бир жылдын ичинде бүтүрүп, сыйынуу үчүн ачууну пландап жатышканын айтты.
Африн районунун борборунда мечиттер аз экендигин белгилеген Йемелек: «Айрыкча, акыркы эки жылда Африн шаарында тынчтык орнотуу үчүн Түркиянын өкмөтү, жарандык коомдук уюмдары жана коомчулук менен олуттуу аракеттерди кылууда. Биз пайдубалын түптөгөн Африн Закирин Улу мечити дагы фонддун долбоору катары пайда болду»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.