АКШда тропикалык бороон-чапкын эскертүүсү

Катуу шамал саатына 100 чакырым ылдамдыкта согуп жатат.

1461695
АКШда тропикалык бороон-чапкын эскертүүсү

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) тропикалык "Ханна" бороону күчөп Техастын жээгине жакындаганы боюнча штаттын түштүк-чыгыш жээктеринде бороон-чапкын жөнүндө эскертүү жарыяланды.

АКШнын Улуттук Ураган Борборунун билдирүүсүнө караганда, Ханнанын очогунун Техастын Корпус Кристи шаарынан болжол менен 225 чакырым түштүк-чыгышта экени белгиленди.

Аба ырайын болжолдоочулар, саатына 100 чакырым ылдамдыкта согуп турган шамалдын Техас жээктерине бүгүн түштөн кийин же кечинде жете тургандыгын билдиришти.

Экинчи жагынан Улуттук Ураган Борборунун билдирүүсүндө, "Гонсало" тропикалык бороону Кариб деңизине жакындап, анын очогу арал өлкөсү Тринидад жана Тобагонун 460 чакырым чыгыш тарабы экени айтылды.

Жетекчилер шамалдын ылдамдыгы саатына 65 чакырымга жеткен Гонсалонун кесепетинен Виндвард аралдарынын тургундарын бороон-чапкын боюнча эскертишти.



Тектеш кабарлар