AFRICOM Россиянын Ливияда аскердик техникаларды жайгаштырып жатканын көрсөттү

AFRICOM спутниктен тартылган фотосүрөттөрдү жарыялады.

1461545
AFRICOM Россиянын Ливияда аскердик техникаларды жайгаштырып жатканын көрсөттү

АКШнын Африка күчтөрү командачылыгы (AFRICOM), Россиянын коопсуздук компаниясы Wagner аркылуу Ливияда аскердик техникаларын жайгаштырууну улантып жаткандыгын көрсөткөн спутниктик фотосүрөттөрдү жарыялады.

AFRICOM, Вагнер күчтөрүнүн жана орус аскердик техникаларынын Сиртеги кагылышууларда алдыңкы катарларда тургандыгын көрсөткөн 13- 14-июлдагы спутниктик фотосүрөттөрүн жарыялады.

AFRICOMдун операциялар боюнча директору бригадалык генерал Брэдфорд Геринг темага байланыштуу билдирүүсүндө: «Россия Вагнер тобуна техникалык жабдууларды берүү менен Ливияда эч кимге пайда алып келбеген ролду ойной берүүдө. Спутниктен тартылган фотосүрөттөр Россиянын четке кагууларын жокко чыгарууда»,- деп айтты.

AFRICOMдун чалгындоо директорунун орун басары Грегори Хадфилд болсо: «Спутниктен тартылган сүрөттөр Россиянын кеңири катышуусун көрсөтүп турат. Россия Ливияда кармай турган жер издей берүүдө»,- деди.

Вагнерге жөнөтүлгөн акыркы аскердик шаймандардын арасында аскердик жүк ташуучу учактар, анын ичинде Ил-76 учактары жана абадан коргонуу шаймандарынын да бар экендиги баса белгиленген билдирүүдө, ошондой эле спутниктик фотосүрөттөрүндө Вагнердин кызматтык унааларынын жана орус зооттолгон унааларынын жүргөндүгү көрсөтүлдү.

Билдирүүдө Орусиянын Ливияга курал жана согуштук учактарды ​​жиберип, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин (UNSC) Ливияга курал сатууга эмбарго токтомун бузгандыгы баса белгиленди.

Буга чейин Россиянын "МиГ-29" жана "Су-27" учактарын Ливияга жөнөткөнүн тастыктаган AFRICOM, 18-июнда да орус учактарынын Ливияда операция жүргүзүп жаткандыгы жөнүндө жаңы далилдерди ортого салган эле.



Тектеш кабарлар