Ковид - 19 эпидемиясында коменданттык саат киргизилген убакта эң көп балмуздак сатылган
Балмуздак сатуу 26 пайызга өскөн.
1461382
Жаңы тип коронавирустан улам коменданттык саат киргизилген учурда адамдардын эң көп балмуздак жегени байкалды.
БиБиСинин кабарына караганда тамак - аш, үй жана жеке турмуш-тиричилик каражаттары үчүн Unilever компаниясы июнь айына чейинки 3 айлык убакытта балмуздак сатууда 26 пайызга өсүү болгонун билдирди.
Компания комендатнттык саат киргизилген убактарда шампунь жана дезодорант сыяктуу каражаттарда талаптын төмөндөгөнүн белгиледи.
Бул мезгилде көп сатылган каражаттардын арасында тамак - аш, чай, дезинфектан жана агартуучулар орун алды.