Иран АКШны эскертти

Американын согуштук учактарынын Иранга таандык жүргүнчү учагынын жолуп торогондугу айтылууда.

1460958
Иран АКШны эскертти
uçağı taciz edilen iran.jpg
iran bayragi.jpg

Иран Сириянын баш калаасы Дамасктын асманында кысымга алынган жүргүнчү учагына бир нерсе болсо АКШ жооптуу болот деп билдирди.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Аббас Мусеви, Тегеран-Бейрут каттамдарын жүргүзгөн Mahan Airlines авиакомпаниясына таандык жүргүнчү учагына жасалган кысымга байланыштуу билдирүү жарыялады.

Анын айтымында, окуя иликтенип, толук маалымат келгенден кийин саясий жана укуктук кадамдар ташталат.

Бул окуянын Ирандын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү Месид Тахт Реванчи тарабынан БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерришке билдирилгендигин айткан Мусеви,  учактын Бейруттан Тегеранга кайтып келишинде маселе чыккан учурунда буга Америка Кошмо Штаттары жооптуу болот деди.

Мусеви бул кабардын Швейцариянын Тегеран элчилигине дагы жеткирилгендигин айтты.

Ирандын мамлекеттик телеканалы, Израилге таандык эки согуштук учактын Тегеран-Бейрут аба каттамын жүргүзгөн Махан аба жолдоруна таандык жүргүнчү учагын Дамасктын асманында кысымга алганын жана учактын Ливандагы Бейрут эл аралык Рафич Харири аэропортуна конгондугун билдирген. Айрым көз карандысыз булактар ​​жүргүнчүлөрдүн арасында жаракат алгандар бар деп кабарлашкан.

Ирандын Tesnim маалымат агенттиги болсо жүргүнчү учагынын капитанына таянып, учактын АКШга таандык экендигин билдирген.



Тектеш кабарлар