СOVID-19дун Батыш өлкөлөрүнө тийгизген таасири

Коронавирустун жайылуусу токтой элек.

1459423
СOVID-19дун Батыш өлкөлөрүнө тийгизген таасири

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 619 миң 614төн ашты, айыгып кеткендердин саны 9 миллион 116 миң 655, ооруга чалдыккандардын саны 15 миллион 99 миң 824 болду.

145 миңге жакын адам көз жумуп, 4 миллиондон ашык адам илдетке кабылган АКШнын айрым жерлеринде коронавирусту жуктуруп алгандардын саны жарыяланган расмий маалыматтарга караганда 2-13 эсе көп болушу мүмкүн деп айтылды. Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору (CDC) тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдө, вируска чалдыккан адамдардын көпчүлүгүндө эч кандай белгилер байкалбагандыгы же дарыгерге кайрылышпагандары үчүн вирустун элдин арасында жүргөндүгү, ушул себептен жуктургандардын саны учурдагы көрсөткүчтөргө караганда бир топ жогору экени белгиленди.

Францияда кечээ пандемиядан каза тапкандардын саны 30 миң 177 деп билдирилип кайра 30 миң 165ке түшүрүлдү. Бул өзгөрүүнүн карылар үйлөрүндө Ковид-19дун кесепетинен каза болгондордун санынын туура эмес эсептелишинен келип чыккандыгы айтылды. Вирусту жуктуруп алгандардын саны акыркы 24 саатта 584 кишиге көбөйүп, 208 миң 912 адамды түздү.

Италияда акыркы 24 саатта коронавирустун жаңы түрүнүн кесепетинен 15 адам көз жумуп жалпы 35 миң 73кө жетти.  Бейтаптардын саны 12 миң 248ге кыскарган өлкөдө акыркы бир күндө 129 жаңы учур катталды.

Испанияда акыркы 24 саатта Ковид-19 кесепетинен 2 киши каза болуп жалпы 28 миң 424 адамды түздү. Ооруга чалдыккандардын саны 529га көбөйүп 266 миң 194 болду

Португалияда Ковид-19дан акыркы бир күндө 6 адам көз жумуп каза тапкандардын жалпы саны 1 миң 697ге жетти.  Өлкөдө 127 жаңы учурдун аныкталышы менен бирге илдетке чалдыккандардын саны 48 миң 898ге жогорулады.

6 миң 136 адам каза тапкан Нидерландияда бейтаптардын саны 52 миң 73кө жетти. Акыркы жумада өлкөдө жуктургандардын саны 84 пайызга өстү.

710 адам көз жумуп, 20 миңге жакын адам ооруга кабылган Австрияда, акыркы мезгилдерде инфекцияга чалдыккандардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу базарларда, почта жана банктарда беткап тагуу милдеттүү болуп калды.



Тектеш кабарлар