77 өлкөдөгү операцияларда жасалма COVID-19 тесттери кармалды
Бул туурасында Интерпол маалымат берди.
1460032
Эл аралык полиция агенттиги Интерпол, жасалма азык-түлүк товарлары үчүн 77 өлкөдө жүргүзүлгөн операцияда 17000 жасалма Ковид-19 тестти кармалганын билдирди.
Жасалма тамак-аш продуктуларын, өндүрүүчүлөрдү жана таратуучуларды аныктап калктын саламаттыгын сактоого багытталган операцияларга байланыштуу Интерполдун билдирүүсүндө, 2019-жылдын декабрь айынан 2020-жылдын июна чейин 77 мамлекетте жүргүзүлгөн операцияларда 17000 жасалма Ковид-19 тестти кармалганы кабарланды.
Операцияларда жасалма Ковид-19 тесттери менен бирге дезинфекциялоочу заттар жана ал эмес Түштүк Африкага жеке коргоо каражаттары катары киргизилген азиялык деңиз азыктары табылды.
Операцияларда 19 уюшкан кылмыштуу уюм жоюлуп, 407 адам камакка алынды.