Коронавирус боюнча Чыгыш өлкөлөрүнүн абалы

Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус олуттуу бойдон.

1458645
Коронавирус боюнча Чыгыш өлкөлөрүнүн абалы

Жалпы дүйнөдө жаңы тип коронавирустан каза болгондордун саны 614 470тен, вирус жуккан киши саны 14 миллион 908 000ден ашты. Айыккандардын саны 8 миллион  955 000ден ашты. 

28 329 кишинин Ковид  - 19дан каза болгон Индияда вирус жуккан киши саны  1 миллион 170 000ге жогорлады.

Россияда 12 580 киши каза болуп, вирус жуккан киши саны 783 328 болду.

Иранда 14 405 кишинин каза болгону, 276 202 кишиге вирустун жукканы билдирилди. Иран Аутизм Ассоциациясынын төрайымы Саиде Салих Гаффари өлкдө Ковид  - 19дун экинчи толкуну байкалып жаткан бул күндөрдө аутизм бадарда вирустун 10 эсе артканын айтты. Гаффари акыркы бир айда бир гана борбор шаар Тегеранда Ковид  - 19 жуккан 35 аутизм баланын аныкталганын билдирди.

Мароккодо Ковид  - 19дан 3 киши каза болуп, 326 кишиге вирус жуккан. Ушундайча өлкөдө  каза болгондордун саны 276га, вирус жуккан жалпы киши саны 17 562ге жогорулады.

Ливияда өкмөткө караштуу Оорулар менен күрөшүү боюнча улуттук борбордон берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Ковид  - 19дан бир киши каза болуп, 40 жаңы учур катталды. Өлкөдө вирустан каза болгондордун жалпы саны 48, вирус жуккан киши саны 1980 болду.   

Ливанда дарыгер экени белгиленген, Ковид  - 19 вирусун жуктурган бир киши каза болуп, 46 кишиде вирус аныкталганы жарыяланды. Өлкөдө каза болгондордун саны 41ге, вирус жуккан киши саны 2 100гө жетти.

Түштүк Африкада акыркы 24 саатта 140 кишинин вирустан каза болушу менен жалпы каза болгондордун саны 5 173кө, вирус жуккан киши саны 9 300 кишиге көбөйүп 373 628ге жогорулады.

Пакистанда 5 639 киши каза болуп, вирус жуккан киши саны 266 96га жетти.

Кытайда вирустан 4 634 киши каза болуп, акыркы 24 саатта Ковид  - 19дан  каза болгондор катталбастан, 11 жаңы учурдун аныкталганы жана ушундайча вирус жуккандардын саны 83 693 болу.

296  киши каза болгон Түштүк Кореяда акыркы бир күндө каза болгондор болгон жок жана 45 кишиде вирустун аныкталышы менен жалпы вирус жуккан киши саны 13 816га жогорулады.



Тектеш кабарлар