АКШда иш таштоо жана нааразычылык акциялары

«Кара адамдардын өмүрү үчүн иш таштоо» деген ат менен аталган нааразычылык акциялары жумушчу профсоюздары, социалдык жана расалык адилеттик уюмдар тарабынан уюштурулду.

1458978
АКШда иш таштоо жана нааразычылык акциялары

АКШда 20дан ашуун шаарда жумушчулар расистик жана бөлүүчүлүккө каршы нааразычылык акциясына чыгып иштөө шарттарынын жакшыртылышын талап кылышты.

«Кара адамдардын өмүрү үчүн иш таштоо» деген ат менен аталган нааразычылык акциялары жумушчу профсоюздары, социалдык жана расалык адилеттик уюмдар тарабынан уюштурулду.

Нааразычылык акцияларына жаңы тип коронавирус эпидемиясы учурунда үйлөрүндө отуруп иштей албаган саламаттык сактоо кызматкерлери, транспорт жана тамак  - аш тармагы сыяктуу тармактарда иштеген көп сандаган жумушчу колдоо көрсөттү.

Нью – Йорктун Манхаттан аймагындагы Трамп эл аралык мейманканасынын тышында да нааразычылык акциялары өткөрүлдү.

Нааразчылык акциясына чыккандар өлкөдө полициянын зомбулугунан каза болгон афроамерикалыктарды эскеришти.

 



Тектеш кабарлар