СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) айынан каза болгон адамдардын саны  608 987 адамга жетти.

1458111
СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) айынан каза болгон адамдардын саны  608 987 адамга, жуктуруп алгандардын саны 14 миллион 647 миңге жетти. Ал эми илдеттен айыгып кеткендердин саны 8 миллион 737 миңден ашты.

Ковид-19дун себебинен 143 миң 289 адам каза тапкан АКШда, жуктуруп алгандардын саны 3 миллион 898 миңди түздү.

Бразилияда вирустан каза болгондордун саны 79 миң 488ге көбөйүп, оорулардын саны 2 миллион 98 миң 389га жетти.

Мексикада каза тапкандардын саны  39 миң 184кө, жуктуруп алгандардын саны 344 224кө көбөйгөн.

Улуу Британияда 45 миң 300 адам каза болуп, жуктуруп алгандардын жалпы саны 294 миң 792 болду.

Акыркы 24 саатта Италияда 3 адам коронавирустун жаңы түрүнөн улам каза болуп, жалпы 35 миң 45 адам каза болду. Бул көрсөткүч 23-февралдан баштап, өлкөдө эпидемия пайда боло баштагандан бери эң төмөн деңгээл деп катталды. бейтаптардын саны 12 миң 440 болгон өлкөдө акыркы суткада 218 жаңы учур катталды.

Испанияда 28 миң 420 адам көз жумуп, жуктуруп алгандардын саны 307 миң 335ке көбөйгөн.

Францияда 30 миң 152 адам каза болуп, жуктурган учурлардын саны 174 миң 674 болду.

Германияда 9 миң 163 адам каза болуп, жуктуруп алгандардын саны 202 миң 845ке чейин көбөйгөн.



Тектеш кабарлар