"Хамас" уюму Google жана Apple компанияларына каршылык көрсөттү

Google жана Apple компаниялары Палестинаны карта тиркемелеринен чыгарып салды.

1457203
"Хамас" уюму Google жана Apple компанияларына каршылык көрсөттү

"Хамас" уюму, Американын технологиялык Google жана Apple компаниялары Палестинаны өзүнүн карта тиркемелеринен жок кылышын "эл аралык мыйзамдарга жана чечимдерге каршы кадам" деп мүнөздөдү.

ХАМАСтын басма сөз катчысы Хазым Касым: «Бул кадам – ​​Израилди колдоону жана тарыхый фактыларды четке кагууну билдирет», деди.

Палестинанын карта колдонмолорунан жок кылынышынын, эл аралык чечимдерди жана мыйзамдарды бузууну уланта берээри боюнча Израилди көндүрө турганын айткан Касым: «Бул эл аралык чечимге жана мыйзамга каршы келет»,- деди.

Палестинанын тышкы иштер министри Эр-Рияд аль-Малики өз өлкөсүнүн, Google жана Apple компанияларына каршы таштала турган мыйзамдуу кадамдарды талкуулап жаткандыгын айткан эле.



Тектеш кабарлар