Европа Биримдиги лидерлеринин саммити

Европа Биримдигине мүчөсү 27 өлкөнүн лидери жаңы тип коронавирустун экономикалык жыйынтыктары менен күрөшүү үчүн даярдалган куткаруу программасы жана келечектеги бюджетти сүйлөшүү үчүн жолугушту.

1457405
Европа Биримдиги лидерлеринин саммити

 Европа Биримдигине мүчөсү 27 өлкөнүн лидери жаңы тип коронавирустун экономикалык жыйынтыктары менен күрөшүү үчүн даярдалган куткаруу программасы жана келечектеги бюджетти сүйлөшүү үчүн жолугушту.

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн Европа Биримдигинин лидерлер саммитинин 2 -  күн отурумдары башталды.

Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Чарльз Мишель жетекчилик кылган саммитке мүчө 27 өлкөнүн мамлекет же өкмөт башчылары менен Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Лайен катышты.

Лидерлерди Ковид  - 19 кризиси башталгандан тарта биринчи жолу жолугуштурган саммитте эпидемиянын экономикалык таасилерине каршы даярдалган жалпы 750 миллиард евролук экономикалык куткаруу программасы менен 1 триллион евролук Европа Биримдигинин 2021 – 2027 – жылдагы бюджетин белгилей турган «Көп жылдык финансы алкагы» долбоору каралат.

Лидерлер куткаруу программасынын көлөмүн, ичиндеги багыш жана кредиттердин көлөмүн жана булар үчүн ишке ашырыла турган текшерүү механизмдери менен шарттарды талкуулашат.

Куткаруу программасы менен Европа Биримдигинин 2021 – 2027 – жылдардагы бюджетин да сүйлөшө турган лидерлер бюджеттин көлөмүн, керектөөчү тармактарын жана мүчө өлкөлөрдүн келечектеги бюджетке канчалык катнашта салым кошорун сүйлөшүшөт.

Мүчө өлкөлөрдүн добуш бирдиги менен белгилене турган куткаруу пакети жана келечектеги бюджет тууралуу келишимдин түзүлүшү үчүн Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн арасында татаал сүйлөшүүлөрдүн өткөрүлүшү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар