Анжелина Жоли жыныстык зомбулукка дуушар болгон аялдар менен балдарга жардам берүүгө үндөдү

Жоли БУУнун Коопсуздук Кеңешинин «Согуш жана кагылышууларда жыныстык зомбулук, аялдар менен балдар» отурумунда сөз сүйлөдү.

1457301
Анжелина Жоли жыныстык зомбулукка дуушар болгон аялдар менен балдарга жардам берүүгө үндөдү

Оскар сыйлыгынын ээси жана БУУнун Качкындар Жогорку Комиссарлыгынын жакшы ниет элчиси Анжелине Жоли жыныстык зомбулукка дуушар болгон аялдар менен балдар үчүн берилген жардамдардын жетерлик эмес экенин белгилеп,  эл аралык коомчулукту дагы көп жардам берүүгө үндөдү.

Жоли БУУнун Коопсуздук Кеңешинин «Согуш жана кагылышууларда жыныстык зомбулук, аялдар менен балдар» отурумунда сөз сүйлөдү. Жоли сөзүндө  жыныстык зомбулукка дуушар болгон аялдар менен балдардын керектүү жардамды ала албаганын айтты.

6 айлык бөбөктөр менен 9 жаштагы кыз балдардын да жыныстык зомбулукка дуушар болгонун, олуттуу маселелер жана травмаларды жашаганын айткан Жоли  эл аралык коомчулуктун жардамдарынын 100дөн  бир бөлүгүнүн гана жыныстык зомбулукка учурагандарга бөлүнгөнүн айтты.

Согуш болгон аймактарда ушул кезге чейин жыныстык зомбулукту көрсөткөндөрдүн эч биринин жоопко тартылбаганын, кыз балдардын зордуктоочулар менен баш коштурууга аракет кылынганын белгилеген Жоли : «Мыйзамдарды өзгөртүп зомбулук көрсөткөндөрдү жоопко тартыкыла»,- деди.



Тектеш кабарлар