СOVID-19дун Батыш өлкөлөрүнө тийгизген таасири

Коронавирус көрсөткүчтөрү

1456563
СOVID-19дун Батыш өлкөлөрүнө тийгизген таасири

Дүйнө жүзүндө коронавирустан (Ковид-19) каза болгондордун саны  591 миңден, ал эми илдетти жуктуруп алгандардын саны 13 миллион 900 миңден ашты. Айыгып кеткендердин саны 8 миллион 255 болду.

Пандемиянын Европадагы чордону Англияда Ковид-19дан улам акыркы бир күндө 66 адамдын каза болушу менен бирге жалпы 45 миң 119га, вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 642ге көбөйүп  292 миң 552ге жетти.  

Италияда акыркы 24 сааттын ичинде коронавирустун жаңы түрүнүн кесепетинен 20 киши көз жумуп жалпы 35 миң 17ге жогорулады. Бейтаптардын саны 12 миң 473кө кыскарган өлкөдө бир күндө 230 адамга вирус жукту.  

Францияда акыркы суткада пандемиянын себебинен 18 адамдын каза болушу менен бирге жалпы 30 миң 138ге, ал эми жуктуруп алгандардын саны 534гө көбөйүп 207 миң 142 болду. Премьер-министр Жан-Кастекс Сенатта пандемияга байланыштуу келерки жумадан тартып жабык жерлерде беткаптарды колдонуу милдеттүү болуп калат деп айтты. Саламаттыкты сактоо министри Оливье Веран болсо француздарга милдеттенмени күтпөй жабык жерлерде беткап кийүүнү сунуш кылды.

Испанияда акыркы бир күндүн ичинде пандемиянын кесепетинен 3 адамдын каза болушу менен бирге жалпы 28 миң 416га жетти. Ал эми ооруга чалдыккандардын саны акыркы 24 саатта 580ге көбөйүп 258 миң 855 болду.

Португалияда акыркы бир суткада 3 адам каза болуп, Ковид-19дан көз жумгандардын саны 1 миң 679га жетти. Өлкөдө инфекцияга чалдыккандардын саны 47 миң 465 адамды түзүп, 339 жаңы учур катталды.



Тектеш кабарлар