СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирустун жайылуусу токтой элек.

1456798
СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
super covid-19 kolombiya
Covid Süper.jpg
süper covid

Дүйнө жүзүндө коронавирустан (Ковид-19) каза болгондордун саны  592 миң 791ден, ал эми илдетти жуктуруп алгандардын саны 13 миллион 954 миңден ашты. Айыгып кеткендердин саны 8 миллион 285 миң 926 болду.

141 миң 118ден ашуун өлүм катталган АКШда вируска чалдыккан адамдардын саны 3 миллион 695 миң 302ге көбөйдү.

Ковид-19дун кесепетинен Бразилияда акыркы 24 саатта 1 миң 322 адам каза тапты. Ушундайча пандемиядан улам каза болгондордун саны 76 миң 822 болду.

Мексикада акыркы бир күндө 668 адам көз жумуп жалпы 37 миң 574кө жетти. Ал эми 324 миң 41 кишиде вирус аныкталды.

Пандемиянын Европадагы чордону Англияда Ковид-19дан улам акыркы бир күндө 66 адамдын каза болушу менен бирге жалпы 45 миң 119га, вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 642ге көбөйүп  292 миң 552ге жетти.  

Италияда акыркы 24 сааттын ичинде коронавирустун жаңы түрүнүн кесепетинен 20 киши көз жумуп жалпы 35 миң 17ге жогорулады. Бейтаптардын саны 12 миң 473кө кыскарган өлкөдө бир күндө 230 адамга вирус жукту.  

Францияда акыркы суткада пандемиянын себебинен 18 адамдын каза болушу менен бирге жалпы 30 миң 138ге, ал эми жуктуруп алгандардын саны 534гө көбөйүп 207 миң 142 болду. Премьер-министр Жан-Кастекс Сенатта пандемияга байланыштуу келерки жумадан тартып жабык жерлерде беткаптарды колдонуу милдеттүү болуп калат деп айтты. Саламаттыкты сактоо министри Оливье Веран болсо француздарга милдеттенмени күтпөй жабык жерлерде беткап кийүүнү сунуш кылды.

Испанияда акыркы бир күндүн ичинде пандемиянын кесепетинен 3 адамдын каза болушу менен бирге жалпы 28 миң 416га жетти. Ал эми ооруга чалдыккандардын саны акыркы 24 саатта 580ге көбөйүп 258 миң 855 болду.

Португалияда акыркы бир суткада 3 адам каза болуп, Ковид-19дан көз жумгандардын саны 1 миң 679га жетти. Өлкөдө инфекцияга чалдыккандардын саны 47 миң 465 адамды түзүп, 339 жаңы учур катталды.



Тектеш кабарлар