Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Вирустун жайылуусу уланып жатат.

1455921
Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Дүйнө жүзүндө коронавирустан (Ковид-19) каза болгондордун саны  587 миң 231ден, ал эми илдетти жуктуруп алгандардын саны 13 миллион 714 миң 771ден ашты. Айыгып кеткендердин саны 8 миллион 169 миң 424 болду.

140 миң 150дөн ашуун өлүм катталган АКШда вируска чалдыккан адамдардын саны 3 миллион 617 миң 408ге көбөйдү.

Ковид-19дун кесепетинен Бразилияда акыркы 24 саатта 233 адам каза тапты. Ошентип, пандемиядан улам каза болгондордун саны 75 миң 523 болду.

Мексикада акыркы бир күндө 579 адам көз жумуп жалпы 36 миң 906га жетти. Ал эми 317 миң 635 кишиде вирус аныкталды.

Пандемиянын Европадагы чордону Англияда Ковид-19дан улам акыркы бир күндө 85 адамдын каза болушу менен бирге жалпы 45 миң 53кө, вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 538ге көбөйүп  291 миң 911ге жетти.  

Италияда акыркы 24 сааттын ичинде коронавирустун жаңы түрүнүн кесепетинен 13 киши көз жумуп жалпы 34 миң 997ге жогорулады. Бейтаптардын саны 12 миң 493кө кыскарган өлкөдө бир күндө 162 адамга вирус жукту.  

Испанияда акыркы бир күндүн ичинде пандемиянын кесепетинен 4 адамдын каза болушу менен бирге жалпы 28 миң 413кө жетти. Ал эми ооруга чалдыккандардын саны акыркы 24 саатта 390го көбөйүп 257 миң 494 болду.

Португалияда акыркы бир суткада 8 адам каза болуп, Ковид-19дан көз жумгандардын саны 1 миң 676га жетти. Өлкөдө инфекцияга чалдыккандардын саны 47 миң 426 адамды түзүп, 375 жаңы учур катталды.



Тектеш кабарлар