СOVID-19дун Батыш өлкөлөрүндөгү кесепети

Вирустун жайылуусу уланып жатат.

1455204
СOVID-19дун Батыш өлкөлөрүндөгү кесепети

Дүйнө жүзүндө коронавирустан (Ковид-19) каза болгондордун саны  581 миң 485тен, ал эми илдетти жуктуруп алгандардын саны 13 миллион 465 миңден ашты. Айыгып кеткендердин саны 7 миллион 885 миң.

Вирустан 139 миң 145 адам каза тапкан АКШда ооруга чалдыккандардын саны 3 миллион 545ке көбөйдү. Өлкөдө адамдарда сынала баштаган коронавирус вакциянасынын акыркы баскычка даяр экендиги кабарланган.

Пандемиянын кесепетинен Бразилияда 74 миң 262 адам көз жумуп, жуктургандардын саны 1 миллион 931 миң болду.

36 миң 327 адам каза тапкан Мексикада, вируска чалдыккандардын саны 311 миң 486га жогорулады.

Пандемиянын Европадагы чордону Англияда Ковид-19дан улам акыркы бир күндө 138 адамдын каза болушу менен бирге жалпы 44 миң 968ге, вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 398ге көбөйүп  291 миң 373кө жетти.  

Италияда акыркы 24 сааттын ичинде коронавирустун жаңы түрүнүн кесепетинен 17 киши көз жумуп жалпы 34 миң 994кө жогорулады. Бейтаптардын саны 12 миң 919га азайган өлкөдө бир күндө 114 адамга вирус жукту.  Экинчи жагынан, сенатта сөз сүйлөгөн саламаттыкты сактоо министри Роберто Сперанза, Ковид-19да эл аралык абалдын өтө тынчсыздандыруучу экенин белгилеп: «Вакцина болмоюнча нөлгө түшпөйт. Биз пандемия коркунучун көрмөксөнгө сала албайбыз», деди.

Испанияда акыркы 7 күндүн ичинде пандемиянын кесепетинен 8 адамдын каза болушу менен бирге жалпы 28 миң 409га жетти. Ал эми ооруга чалдыккандардын саны акыркы 24 саатта 263кө көбөйүп 256 миң 619 болду.

Португалияда акыркы бир суткада 6 адам каза болуп, Ковид-19дан көз жумгандардын саны 1 миң 668ге жетти. Өлкөдө инфекцияга чалдыккандардын саны 47 миң 51 адамды түзүп 233 жаңы учур аныкталды.

Аргентинада 1 миң 926 адамдын өмүрүн алган вирус, 103 миң 265 кишиде табылды. 35 күндөн бери деңизде жүргөн жана жолго чыгаар алдында 14 күн карантинде болгон 64 балыкчыда да Ковид-19 аныкталды.



Тектеш кабарлар