Ливияда 40 күндө 225 кишинин сөөгү чыгарылды

Халифе Хафтерге караштуу куралдуу күчтөрдөн куткарылган аймактарда 40 күндө 225 сөөк табылды.

1455369
Ливияда 40 күндө 225 кишинин сөөгү чыгарылды

Ливия армиясы борбор Триполинин түштүгү менен Терхуне жана тегерегиндеги топ киши көмүлгөн мазарлардан 40 күндө жалпы 225 сөөктүн чыгарылганын билдирди.

Ливия өкмөтү тарабынан жүргүзүлгөн Ызалануу вулканы операциясынын басма сөз бөлүгүнөн берилген маалыматка ылайык  өлкөнүн чыгышындагы мыйзамсыз күчтөрдүн лидери Халифе Хафтерге караштуу куралдуу күчтөрдөн куткарылган аймактарда 40 күндө 225 сөөк табылды.

Маалыматта Терхуненин Хафтер күчтөрүнөн куткарылышынан бери Жоголгондорду издөө жана аныктоо мекемесинин топ түрүндө көмүлгөн кишилердин мазарларынын табылышы жана сөөктөрдүн чыгарылышы үчүн керектүү чараларды көргөнү билдирилди.

Кечээ Ызалануу вулканынын фейсбук баракчасына Терхунеде топ киши көмүлгөн мазардан ким экени белгисиз кишилердин сөөктөрүнүн фотографиялары  чыгарылды.

 



Тектеш кабарлар