Быйыл 130 миллиондон ашуун адам өнөкөттүү ачкачылыкка кабылышы мүмкүн
Беш уюм биргелешип отчет даярдашты.
Коронавирус пандемиясынан улам быйыл 130 миллиондон ашуун адам өнөкөттүү ачкачылыкка кабылышы мүмкүн экени билдирилди.
Италиянын борбору Римде жайгашкан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) мекемелери, Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (WFP), Эл аралык айыл чарбаны өнүктүрүү фонду (IFAD), БУУнун Балдарга жардам фонду (ЮНИСЕФ) жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму биргелешип даярдаган "БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугу-2020" отчету жарыяланды.
Маалыматка ылайык, дүйнөдө ачка адамдардын саны 2019-жылы 2018-жылга салыштырмалуу 10 миллион адамга көбөйүп, болжол менен 690 миллион кишиге жеткен.
Ачкачылыктын сан жагынан Азияда жогору экени, бирок Африкада тез жайылганы белгиленген отчетто, Азиянын 381 миллион адам менен эң начар тамактанган адамдар көп жашаган континент экени, бул сан Африкада 250 миллион, Латын Америка менен Карибдерде 48 миллион адам экени маалымдалды.
Бул отчетту даярдаган беш уюмдун 5 жыл мурун "2030-жылы ачкачылыкты токтотуу" максатын койгону, бирок бул максатка жетүү күмөндүү экени белгиленди. Эгер азыркы тенденция улана берсе "нөлдүк ачкачылык" максатына жетпей, 2030-жылы ачка болгондордун саны 840 миллиондон ашат.
Ковид-19дун дүйнөлүк азык түлүк системаларына таасири жана жетишсиздигинин жогорулагандыгы белгиленген отчетто, «БУУнун изилдөөлөрүнө ылайык коронавирус пандемиясынын кесепетинен 2020-жылдын аягына чейин 130 миллиондон ашуун адам өнөкөттүү ачкачылыкка кабылышы мүмкүн» деп эскертилди.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.