БУУ Азербайжан менен Арменияга чакыруу салды

БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш Карабах меселесин тынчтыкчыл жана сүйлөшүү жолу менен колдоо берүү сунушун кайталады.

1454733
БУУ Азербайжан менен Арменияга чакыруу салды

 БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш Азербайжан  - Армения чек арасында болгон кагылышуулардан катуу тынчсызданганын белгилеп, кагылышууларды токтотуу, араздашууну азайтуу жана провакациялык сөздөрдөн алыс турууга үндөдү.

Гутерреш катчы Стефан Дужарриктин арачылыгы менен берген маалыматында Азербайжан  - Армения чек арасында оор куралдар менен жасалган жана өлүм менен жыйынтыкталган кагылышуулардан тынчсызданганын билдирди.

Антонио Гутерреш бул коркунучтуу абалга жана узун убакыттан бери келе жаткан Карабах меселесин тынчтыкчыл жана сүйлөшүү жолу менен колдоо берүү сунушун кайталады.

Армения армиясы жекшемби күнү Товуз аймагында Азербайжан  буктурмаларына кол салган. Азербайжан армиясынын жооп кайтарышы менен жоеңилүүгө учурап, артка чегинген.

Кагылышууда Азербайжан армиясынан 4 аскер каза болуп, 4 аскер жараланган. Каза болгон 4 аскердин бирөөсү ага лейтенант.

Азербайжан армиясы да Армения армиясына таандык буктурмаларды, аскердик радар станциясын, танк жана брондолгон унааларды аткан.



Тектеш кабарлар