Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери Брюсселде жолугушту
Жосеф Боррелл берген маалыматында биринчи күн тартип беренесинин Латын Америка болорун, аймакта Ковид - 19дан улам чыккан кыйынчылыктар менен эки тараптуу карым - катн
Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери жаңы тип коронавируска карата көрүлгөн чаралардан кийин биринчи жолу Бельгиянын борбор шаары Брюсселде жолугушту.
Европа Биримдигинин тышкы карым - катнаштар жана Коопсуздук Саясатынын жогорку өкүлү Жосеф Боррелл Тышкы карым – катнаштар кеңешинен мурда берген маалыматында биринчи күн тартип беренесинин Латын Америка болорун, аймакта Ковид - 19дан улам чыккан кыйынчылыктар менен эки тараптуу карым - катнаштардын караларын айтты.
Түркия менен карым - катнаштардын да негизги күн тарип беренеси экенин айткан Боррелл Африка жана Ливиядагы абалдардын да караларын, өзгөчө акыркы мезгилде кайрадан кыймылга келген Белград - Приштина диалог процесси тууралуу да башка министрлерге маалымат берерин билдирди.
Боррелл Гонконгдогу абалдардын да караларын, тышкы иштер министрлеринин кыйтайлык жетекчилер таштаган кадамдардан улам тынчсызданууларынын сөз болорун белгиледи.