Түркия, АКШ жана Россиядагы ибадетканалардын калкка жараша катышы

Мусулман эместер калктын 0,4 пайызын түзгөн Түркияда алардын арасында жүздөгөн жылдардан бери келе жаткан чиркөөлөр жана синагогалардан турган 435 сыйынуу жайлары бар.

1453435
Түркия, АКШ жана Россиядагы ибадетканалардын калкка жараша катышы

Түркияда 180 миң 854 христиан жана 20 миңге жакын иудей жашайт. Мусулман эместер калктын 0,4 пайызын түзгөн Түркияда алардын арасында жүздөгөн жылдардан бери келе жаткан чиркөөлөр жана синагогалардан турган 435 сыйынуу жайлары бар. Бул 180 миң 854 христиан жана 20 миңге жакын иудей үчүн ар бир 461 адам үчүн бир сыйынуучу жай бар туура келээрин көрсөтүп турат.

АКШ жана Россияда абал такыр башкача

Америка Кошмо Штаттары (АКШ)

Pew изилдөө борборунун акыркы изилдөөсүнө ылайык, 2018-жылы АКШда 3,45 миллион мусулман жашайт. Калкынын саны 330 миллионго жакындаган АКШдагы жалпы калктын 1,1 пайызын мусулмандар түзөт.

Өлкөдөгү эң ири мусулман мекемелеринин, мисалы Америка-Ислам мамилелери кеңеши, Түндүк Америка Ислам Коому жана Америка Ислам Коому сыяктуу, АКШда 2200 мечит бар. Демек, өлкөдө ар бир 1600 мусулманга бир мечит бар деп эсептелет.

Бул мечиттердин көпчүлүгү Нью-Йорк жана Калифорния штатындагы мегаполистердин айланасында жайгашкан. Айыл жеринде жашаган мусулмандардын мечиттерге кирүү мүмкүнчүлүгү чектелүү экендиги белгилүү.

Орусия

Россия Федерациясында болжол менен 146 миллиондой адам жашайт, анын ичинде  23 миллионго жакыны мусулмандардан турат. Бул орус калкынын 15 пайызына туура келет.

 

Муфтий Кеңешинин Президенти Равил Гайнутдинин айтымында, өлкөдө 8 миңге жакын мечит бар. Демек, Россияда бир мечит 2875 мусулманга туура келет.

 



Тектеш кабарлар