Сребреница геноцидинин 9 курманы бүгүн жерге берилет

Бул жылы жерге бериле турган геноцид курмандыгынын эң жашы, өлтүрүлгөн кезде 23 жашында болгон Салко Ибисевич, эң картаңы 70 жашында өлтүрүлгөн Хасан Пезиж болот.

1453181
Сребреница геноцидинин 9 курманы бүгүн жерге берилет

 Европада Экинчи Дүйнөлүк согушунан кийин болгон эң чоң адамзаттык трагедия катары мүнөздөлгөн Сребреница геноцидинин 9 курманы дагы бүгүн жерге берилет.

Босния Герцеговинанын чыгышындагы Сребреницада 1995 -  жылдын июль айында  болгон геноцидде өлтүрүлгөн жана ким экени аныкталган 9 кишинин сөөгү Поточари мемориалдык көрүстөнүндө окула турган жаназа намазынан кийин жерге берилет.

Жаназа намазынан кийин араларында Президент Р. Т. Эрдоган да болгон бир топ дүйнө лидеринин геноциддин 25 -  жылдыгына карата жиберген видео билдирүүлөрү көрсөтүлө турган эскерүү программасы өткөрүлөт.

Бул жылы жерге бериле турган геноцид курмандыгынын эң жашы, өлтүрүлгөн кезде 23 жашында болгон Салко Ибисевич, эң картаңы 70 жашында өлтүрүлгөн Хасан Пезиж болот.

Жерге бериле турган  башка курмандыктардын курактары төмөнкүчө :

Сестан Хасанович (24), Алия Сулжич (26), Хасиб Хасанович (25), Зухдижа Авдагич (48), Байро Салихович (52), Ибрахим Зуканович (54), Кемал Мусик (27).

Поточари мемориалдык көрүстөнүнө ушул кезге чейин 6 643 геноцид курманы көмүлүп, бүгүнкү жаназа зыйнатынан кийин бул сан 6 652ге жогорулайт.

Сребреницанын 1995 -  жылы 11 -  июлда Ратко Младижтин командирлигиндеги серб бөлүктөрү тарабынан басып алынышынан кийин БУУнун негизиндеги нидерландиялык аскерлерге баш калкалаган бошняктар андан кийин сербдерге тапшырылган.

Аялдар менен балдардын бошняк аскерлеринин көзөмөлүндөгү аймакка барышына уруксат берген сербдер эң аз  8372 бошняк эркекти токой аянтында, завод  - фабрикаларда жана кампаларда өлтүргөн. Өлтүрүлгөн бошняктар топ түрүндө көмүлдү.

Согуштан кийин жоголгондорду табуу үчүн башталган издөө иштеринде мазарлардан топ түрүндө көмүлгөн кишилердин сөөктөрү табылды. Курман болгондордун ким экени аныкталгандан кийин жыл сайын 11 -  июлда Поточари мемориалдык көрүстөнүндө өткөрүлгөн жаназа зыйнаты менен жерге берилүүдө.



Тектеш кабарлар