Сребреница геноциди Европанын жүрөгүндө ачык жара болуп кала берүүдө
1995-жылы 8 миң 372 босниялык серб аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн.
Европа Комиссиясынын кеңейтүү маселелери боюнча жооптуу мүчөсү Оливер Вархели, Сребреница геноцидинин Европанын "ачык жарасы" бойдон калаарын айтты.
Европа Парламентинин Башкы Ассамблеясында Босния-Герцеговинадагы Сребреница геноцидинин 25 жылдыгына карата өткөрүлгөн отурумда сөз сүйлөгөн Вархели, бул геноциддин Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийинки Европа тарыхындагы эң караңгы мезгил экендигин баса белгилеп: «1995-жылы июлда 8 миң 372 мусулман эркек жана балдар серб аскерлери тарабынан системалуу түрдө өлтүрүлдү. Алардын денелери массалык мүрзөлөргө ыргытылган»,- деди.
Вархели Европанын Сребреницадагы окуяны унутпаганын баса белгилеп: «Европа Сребреницада ийгиликсиз болду. Геноцидди токтото албаганыбыз үчүн бул кырганга байланыштуу жоопкерчилигибизди эч качан унутпашыбыз керек. Сребреница геноциди Европанын жүрөгүндө ачык жара болуп кала берүүдө» ,-деди.
Геноцидге себеп болгон адамдардын бардыгы жазаланууга тийиш экендигин баса белгилеген Вархели, Европада согуш кылмышкерлерин даңазалоого жол берилбей тургандыгын айтты.