Сингапурда сары безген менен ооруган бейтап саны 16 000ден жогору
Сары безгек вирусу адамдарга чиркейлер аркылуу жугууда.
Сингапурда сары безгек менен ооруган бейтаптардын саны өсүп, жылдын башынан бери жалпы өлкөдө бейтап саны 16 000 жетти.
Сингапур улуттук экология агенттигинин маалыматтарына караганда 1 - январдан тарта жалпы 10 157 бейтап чыгып, күнүмдүк бейтап саны 100дөн ашуун.
Акыркы 5 жумада сары безгек бейтап саны 1000ден ашуун болгону байкалган өлкөдө жылдын акырына карай жалпы бейтап саны 22 000ден ашат. Өлкө тарыхында эң көп бейтап болгон 2013 - жылдардагы сандан дагы көп болору күтүлүүдө.
2013 - жылы Сингапурда жалпы 22 170 сары безгек оорусу болгон.
Сары безгек вирусу адамдарга чиркейлер аркылуу жугууда. Вирус кээде өлүмчүл болушу мүмкүн.
Көпчүлүк учурда жаан - чачындуу мезгилдер деп билинген июнь - сентябрь жана декабрь - март айларында оору күч алууда.
Окумуштуулар жогорку ысыктык жана узун убакытка созулган жамыр жаашы ысытма жана сары безгек ташыган чиркейлердин санынын көбөйүшүнө себеп болгонун билдиришти.